ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Эл аралык карылар күнү менен ардагерлерди куттукташты. Печать
Автор: abaevna   
30.09.2020 18:32

  1- октябрь Эл аралык карылар күнү. Ар жыл сайын  ИИМдин Академиясынын кызматкерлери атайын бул майрам күнү карыларга жылуу сөзүн айтып, жакшы тилектерин билдирип, кадырлап келет. Быйыл да эртенки майрамга карата Бишкек шаарынын Свердлов районунда жашашкан Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай жардам көрсөтүштү.  Аларга белек-бечектер менен барып, жылуу маанай тартуулоо менен бирге батасын алып кайтышты.

alt            alt