ИИМдин Академиясынын кызматкерлери кыска мөөнөттөгү курсту аякташты Печать
Автор: abaevna   
20.11.2019 15:27

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы 19-20-ноябрь күндөрү укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин окутуучулары үчүн кыска мөөнөттүү окуу курсун уюштурган. Жогорку окуу курсунда ИИМдин Академиясынын 8 кызматкери интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо жаатында маселелерди  жана интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоого тиешелүү талаш-тартыштарды жана процесстик өзгөчөлүктөрдү чечүү, ошондой эле программалык камсыздоого автордук укуктук коргоо жөнүндө билим алышып, тастыктамаларга ээ болушту.

alt

alt

alt

Обновлено 20.11.2019 15:50