Кто на сайте

Сейчас 241 гостей и 1 пользователь онлайн

.

Loading
Главная страница
Усубалиев Турдакун Усубалиевичке 100 жыл PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
23.10.2019 05:57

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган жана Кыргыз мамлекетинин алдында өтөгөн кызматын милиция кызматынын жаш муунуна тааныштыру максатында атайын сүрөт-дубал уюштурду.

alt

Обновлено 23.10.2019 08:11
Подробнее...
 
Ишембилик PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
19.10.2019 06:14

2019-жылдын 19-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын өздүк курамы Бишкек шаардык мериясы менен биргеликте атайын ишембиликке катышып, Бишкек шаарынын Чүй проспектисинин жол жээктерин, 7-апрель көчөсү менен Ауэзова көчөсүнө чейинки аралыктарын таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

alt

Подробнее...
 
Ант – ыйык милдет! PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
19.10.2019 06:08

Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясында дагы бир өзгөчөлөнгөн күндөрүдүн бири болууда.  Анткени биздин жаңы кабыл алынган 103 курсанттарыбыз өз Ата Мекенин, өз элинин алдында ант беришти. Ант берүү биздин Академия үчүн гана эмес, бүткүл Республикадагы ички иштер органдары үчүн жакшы салттардын бири. Бул иш чарага ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын полковниги А.К. Бийбосунов, ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы, С. Жоошбаев, ИИМдин Академиясынын ардагерлери, “Э. Алиев” фондунун төрагасы А. Бектемиров жана Академиянын өздүк курамы катышышты.

Берген антыңар бекем болсун жолдош курсанттар!

alt

Обновлено 19.10.2019 06:14
Подробнее...
 
Жалал-Абад жаштар уюму КР ИИМдин Академиясында мейманда PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
17.10.2019 03:05

   2019-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Академиясы менен таанышуу үчүн Жалал-Абад областык жаштар комитетинин мүчөлөрү келишип ИИМдин Академиясынын жетекчиси милициянын полковниги Адылбек Качкынбекович Бийбосунов жетектеген офицерлер курамы менен жылуу маек өткөзүп, аягында ИИМдин Академиясынын күнүмдүк турмушу менен таанышышты.

alt

Обновлено 17.10.2019 07:33
 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Динамиадасы. PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
17.10.2019 02:44

2019-жылдын 14-16-октябрь күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз милициясынын 95-жылдык юбилейине арналган Кыргыз Республикасынын ИИМдин спорттун 7 түрү боюнча Динамиадасы болуп өттү. Аталган спорттук иш-чараларга ИИМдин Академиясынын курама командалары катышып, төмөнкү жетишкендиктерге ээ болушуту.

         Кол – күрөш боюнча I-орун;

         Жеңил атлетика боюнча I-орун;

         Шахмат боюнча I-орун;

         Тогуз-коргоол боюнча II-орун;

         Ордо боюнча II-орун;

Дартс боюнча II-орун;

Стрибол боюнча II-орун.

Жалпы жыйынтыгы боюнча Академиянын курама командалары            I-орунду ээлеп Динамиаданын чемпиону болуп аталышты.

 

alt

 

 

 

 
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 2019-жылдын 25-сентябрында “Кыргыз Республикасынын ИИОдо мамлекеттик тилди өнүктүрүү” деген темада илимий-практикалык конференциясын өткөрдү PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
16.10.2019 03:13

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаардык ички иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын, жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын (Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту), Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жана Атайын орто мектебинин профессордук-окутуучулук курамынын, массалык-маалымат каражаттарынын кызматкерлери катышышты.

alt

Обновлено 16.10.2019 03:39
Подробнее...
 
2019-жылдын 14-октябрында ИИМнин Академиясында Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган музыкалык кароо сынак болуп өттү PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
15.10.2019 06:16

Кароо сынакта Академиянын 2-факультетинен 3 команда, 3-факультеттен 2 команда катышты. Кароо сынакта курсант, студенттер “Саламдашуу”,”Элдик ырларды ырдоо”,”Бий”,”Театралдашкан көрүнүш”,”Музыкалык аспапта ойноо” жана”КВН” түрлөрүндө өнөрлөрү менен ат салышышты. Конкурстун жыйынтыгы менен 2-факультеттин 2-курсу жеңишке жетишти

 

alt

Подробнее...
 
Илимий-практикалык конференция болду. PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
10.10.2019 10:30

Кыргыз милициясынын 95 жылдык юбилейине арналган "Жазык процесстик ишмердүүүгүнүн актуалдуу көйгөйлөрү" аттуу илимий-практикалык конференция 2019-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында болду. Конференцияга КМЮАнын криминалистика жана экспертиза кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор О.Д. Ким, Ж. Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик укуктук теория жана тарых кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору, профессор Т.И. Ганиева, КРСУнун жазык процесс жана криминалистика кафедрасынын доценти ю.и.к. М.И. Усаров, Бишкек шаарынын Свердлов районунун тергөө соту А.С. Касымбеков, Академиянын жетекчилиги жана башка Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматынын кызматкерлери, жазык-процесс кафедрасынын окутуучулары катышып, азыркы учурда болуп жаткан жазык-процессиндеги алдын ала тергөө моделинин соттук жарыш модели, процесстик тартиптин жана тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн айрым маселелери, Кыргыз Республикасынын жазык процесстик мыйзам чыгаруучулугунун актуалдуу суроолору тууралуу талкуу болду. 

 

 

alt

 

 
В Академии МВД Кыргызской Республики была проведена гостевая лекция PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
10.10.2019 08:24

    10 октября 2019 года,  кафедрой государственно-правовых дисциплин Академии МВД Кыргызской Республики им. генерал-майора милиции Алиева Э.А. совместно с Управлением Верховного Комиссара по правам человека ООН в Центральной Азии, программным специалистом Воцлавой Юлией, проведена  гостевая лекция по спецкурсу  «Права человека и предотвращение всех форм дискриминации в деятельности правоохранительных органов Кыргызской Республики» для слушателей факультета №5 Управления патрульной службы милиции г. Бишкек, старшему начальствующему составу, по теме: «Международные и национальные стандарты  в области прав человека для сотрудников правоохранительных органов». Слушатели факультета приняли активное участие в гостевой лекции.

 

alt

 
Курсанттар жана студенттер карыларды куттукташты PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
07.10.2019 03:47

2019-жылдын 5-октябрында ИИМдин Академиясынын №2, №3 факультеттеринин курсанттары жана студенттери Карылар үйүнө барышып, 1-октябрь Карылар күнү майрамы менен куттукташып, карыларга концерт коюшуп, көнүлдөрүн көтөрүшту. Андан сырткары, Карылар жашаган жайдын ичин жууп, сырткы аймагындагы бак-дарактардын жалбырактарынан, таштандылардан тазалашып, өзүлөрүнүн демилгелери менен чогултулган акча каражатына карылар үйүнө зарыл деген тамак-аштарын алып берип келишти.

 
<< Первая < Предыдущая 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 Следующая > Последняя >>

Страница 3 из 58
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign