Бул илдет менен күрөшүүдө көптөгөн биздин жарандарыбыз жоопкерчиликтүү мамиле кылып, жөнү жок көчөгө чыкпай , үйлөрүндө болуп, биздин талаптарды аткарып жатышса, айрымдары баш ийбей, өздөрүнүн эле эмес үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын өмүрүн, ден-соолугун тобокелге салып жаткандыгы өкүндүрөт. Мындан сырткары, өзгөчө кырдаал учурунда медицина жана башка күч түзүмдөрдүн аткарган ишине жарандардын көз карашы, мамилеси өзгөрүп, түшүнүү менен карап, кайрадан бул кесиптин ээлери ардактуу жана абдан зарыл экени айгине болду.

Дегеле, бул кырдаал учурунда ар бир адам алган тарбиясына ылайык жоопкерчилиги, мамлекет алдындагы жарандык милдети, үй-бүлөсүнө, тууган жана тааныштарына карата болгон камкордугу билинди. Жашоосундагы күн тартибинин өзгөрүүсү, эркин жүрүүгө чекит коюлганын түшүнүп, үйлөрүндө болгон жарандарыбызга сый урмат менен, терең ыраазычылык билдиргим келет. Жарандык активисттер, ыктыярчылар жана жөнөкөй жарандардын блокпостто турган кызматкерлерге коргонуучу каражаттарды, бет каптарды, керек болсо тамак ашына чейин алып келип берип жатышкандыктары биримдиктин белгиси болду. Эң башкысы бул кырдаал эл, коомчулук арасына милициянын аткарып жаткан жумушу оор экенин түшүнүүгө мезгил жеткенин тастыктады.
Ал эми жеке өзүмдүн үй-бүлөм менин ишиме дайыма туура түшүнүү менен карап келишкен. Канча жылдан бери ушул жумушту аркалап, үй -бүлөм көнүп калган. Бирок албетте , тынчсызданып турушат, ден соолугум үчүн кабатырланып жатышты окшойт. Эмнеси болсо дагы, ант берип милиция кызматкери болгондугума байланыштуу көптөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлери катары антка бекем туруп, мекен үчүн күнү- түнү кызмат кылууга даярбыз.

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign