Ошондой эле Коомдук-саясий сабактар кафедрасынын окутуучусу милициянын кенже лейтенанты Алымбеков М. Мамлекеттик туу боюнча жана ак калпак тууралуу кыскача  маалымат берди. Туу 1992 - жылдын 3-мартында ошол кездеги Жогорку Советтин токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун ортосунда кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн, анын ортосунда кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сурөтү түшүрүлгөн. 

Ал эми, "Асмандан жылт этсе жылдыз деп бил, Ала-Тоодон ак калпакчанды кыргыз деп бил" демекчи кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон ак калпакты сактап калуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынын 2016-жылдын 29-июнундагы №825 токтомунун негизинде 5-март Ак калпак күнү деп бекитилген.

alt

 

alt

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign