Иш-чаранын жүрүшүндө курсанттар тарабынан жазылган сценарийдин негизинде жабык форум театры коюлду. Анда уй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын жашоосунан үзүндү көрсөтүлүп, мындай көрүнүштү алдын алуу, коомдо болтурбоо боюнча  кызуу талкуу болуп өттү. Жогорудагы иш-чарага ИИМдин Академисынын ММК менен байланышуу жана СТИУ бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги А.Кадыркулов да  катышты. Иш-чаранын аягында курсанттар тастыктамалар менен сыйланышты. 

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign