ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги А.Бийбосунов Академиядагы гендердик зомбулук чөйрөсүндөгү кылынган иштер, жазылган окуу материалдары жөнүндө айтып, ал гана эмес ИИМдин Академиясында квалификациясын жогорулатуу курсунда “Үй-бүлөлүк зомбулук” сабагы бериле турганын айта кетти. Андан тышкары Академияда аялдар бир катар  жетекчилик кызматты ээлей турганын билдирди. 

alt

         Профессор Ли Донг Хи Кореядагы тергөө полициясынын Академиясында  атайын гендердик зомбулук боюнча тергөөчүлөрду окутуу 4 этаптан тураарын, жана окуу программасында гендердик зомбулукка кабылгандарды суракка алуу техникасы каралганын билдирди. Сеулдагы,  Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын боборунун өкүлү Соньен Янг борбордун эң негизги максаты болуп эки өлкөнүн гендердик зомбулукка каршы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алышуу экенин белгилеп, мындан ары да тыгыз кызматташтыкка кызыкдар экенин белгилей кетти.

         Жолугушуудан соң келген конокторго чакан белектер ыйгарылып,  ИИМдин Академиясынын музейи менен таанышышты.

alt

alt

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign