Абитов Тариель Таштанович

Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун мыктысы.

1972-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сан-Таш айылында туулган. 1996-жылы КМИФКны, 2003-жылы КР ИИМдин Академиясын юриспруденция (юрист) багытында аяктаган.

Эмгек жолун 1997-жылы Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин ЖИИнин аймактык инспектору болуп иштөө менен баштаган.

1998-жыл  – Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү;

1999-жыл –  Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Борборлоштурулган күзөт пунктунун Ыкчам бөлүмүнүн нөөмөтчүсү;

2001-жыл –  КР ИИМдин Күзөт башкармалыгынын милиция полкунун чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүн коргоо батальонунун күзөт инспектору;

2001-жыл –  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күжүрмөн жана дене тарбияга даярдык кафедрасынын окутуучу;

2005-жыл – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күжүрмөн жана дене тарбияга даярдык кафедрасынын начальниги;

2010-жыл –  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күжүрмөн жана дене тарбияга даярдык кафедрасынын доценти;

2015-жыл – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күжүрмөн жана дене тарбияга даярдык кафедрасынын профессору;

02.09.2016-жыл –  Кызмат өтөө жөнүндө жобонун 106-пунктунун “В” пунктчасына (пенсия алууга жарамдуу эмгек стажысына ылайык) ылайык ИИОдон Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн резервине бошотулган;   26.10.2020-жыл – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги болуп дайындалган.