Ак калпак бийиктиктин символу Печать
Автор: abaevna   
04.03.2017 08:42

2011-жылдан бери 5-март өлкөбүздө расмий түрдө «Ак калпак» күнү деп белгиленип келе жатат. Аталган майрам күнү бир гана эркектердин баш кийими болгон ак калпакты гана даӊазалоо болбостон дагы башка улуттук баалуулуктарга болгон мамилени жогорулатууга кыйла салымын кошуп келе жатат.

 

alt

 

Өзгөчө жаштар арасында кызыгууну жаратып келе жаткан майрам жылдан жылга чоӊ салтанат менен белгиленип келет.

Аталган майрам үстүбүздөгү жылдын 4-мартында ИИМдин Академиясында дагы кызуу белгиленип, «Ак калпак» күнүн майрамдоону демилгечиси болгон Рысбек Жабиров менен курсанттардын жана студенттердин жолугушуусу өттү.

Маек учурунда катышуучулар Р.Жабировго кызыктырган суроолорун узатып аларга жооп ала алышты. Ошондой эле майрам күндүн урматына курсанттардын жана студенттердин күчү менен дайындалган концерттик программа тартууланды.

 

Обновлено 09.03.2017 10:52