Сабаттуулук – учурдун талабы Печать
Автор: abaevna   
24.11.2015 11:10

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгына ылайык, КРнын ИИМдин Академиясында бир катар алгылыктуу иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Алсак, ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил бөлүмчөсү менен биргеликте Академиянын тилге даярдык кафедрасынын окутуучулары ИИМдин башкармалыктарында, бөлүмдөрүндө, областык жана райондук башкармалыктарында «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү» курстарын өткөрүшүүдө.

Учурда аталган окуу курсу ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлерине өткөрүлүүдө. Курсту Академиянын тилге даярдык кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Чынаргүл Кадырова бекитилген иш-мерчемдерге ылайык өтүп жатат.

Курстун катышуучуларына иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жана сапаттуу жүргүзүү аны иш тажрыйбасында колдонуу менен бирге предмет аралык көптөгөн керектүү маалыматтар берилүүдө.

Сабак, бекитилген жумушчу программага ылайык 2 саат лекция, 26 саат практикалык сабак, жалпысынан 28 саат өткөрүлөт. Соӊунда катышуучулар экзамен тапшырышып, татыктуулары тастыктамага ээ болушат.

Обновлено 24.11.2015 11:13