Тогуз коргоол оюну ата-бадан калган мурас Печать
Автор: abaevna   
21.02.2017 04:56

Ата-бабаларыбыздан бир топ кыргыздын улуттук оюндары калган. Алар адамдардан тунук сезимди, тапкычтыкты, жөндөмдүүлүктү, шамдагайлыкты талап кылып, эмгекке болгон мамилесин, аӊ-сезимдүүлүүгүн, кыраакылыгын арттырып келген. Мындай мурастардын бири-Тогуз коргоол оюну.

Тогуз коргоол - так эсептөөнү, стратегтүү ойлонууну, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган жана аны өнүктүргөн оюндардын бири болуп саналат.  Бул оюнду кыргыздардан башка кытай, казак, өзбек, каракалпак жана башка түрк элдери ойноп келишет.Тогуз коргоол оюну азыркы учурда жаӊыча өсүп-өнүгүү жолунда турат. Ошондуктан ата-бабадан калган акыл оюнун элге кеӊири жайылтуу, аны кийинки муундарга калтыруу ар бирибиздин алдыбызда турган парзыбыз.

 

alt

 

 

Тогуз коргоол - так эсептөөнү, стратегтүү ойлонууну, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган жана аны өнүктүргөн оюндардын бири болуп саналат.  Бул оюнду кыргыздардан башка кытай, казак, өзбек, каракалпак жана башка түрк элдери ойноп келишет.Тогуз коргоол оюну азыркы учурда жаӊыча өсүп-өнүгүү жолунда турат. Ошондуктан ата-бабадан калган акыл оюнун элге кеӊири жайылтуу, аны кийинки муундарга калтыруу ар бирибиздин алдыбызда турган парзыбыз.

Кыркың кызык ойнотуп,

 Чатыраш ойнун салыңар,

 Тогуз, онуң биригип,

 Тогуз коргоол алыңар.

 Жыйылып алып жыйырмаң,

 Топ таш-чакмак алыңар – деп  Ата салтын улап, 2017-жылдын 20-февралында ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасы 21-февраль “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү”, «23-февраль – Мекенди коргоочулардын күнүнө” карата жана кызматтык милдеттерин өтөп жатып курман болгон курсанттар, В. Шкрум, Э. Такырбашев, Н. Кущтун жаркын элесине арналган Академиянын туруктуу жана өзгөрүлмө  курамы арасында Тогуз коргоол улуттук оюнунун мелдешин өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаттары жана милдеттери: Тогуз коргоол оюнунун өркүндөп өсүшүнө шарт түзүү, тогуз коргоол оюнун кеӊири таркатуу жана интеллектуалдуу жөндөмдүүлүктү арттыруу, массалык дене-тарбия, ден-соолукту чыӊдоо иштеринин сапатын жакшыртуу - дейт уюштуруучулар.

Мелдешти ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Ж. К. Аалиев куттуктоо сөзү менен ачып, катышуучуларга ийгилик каалап,  иш-чаранын өсүп келе жаткан муунга таасири зор экенин баса белгиледи.

Ал эми мелдешти Кыргыз Республикасынын Тогуз коргоол улуттук оюнуна эмгек сиӊирген машыктыруучусу, педагогика илимдеринин кандидаты М.С. Кийизбаев жана  Кыргыз Республикасынын улуттук категориядагы калысы, спорттун мастери Г.Т. Малаева калыстык кылышты.

Оюндун жыйынтыгында кызматкерлер арасында 1-орунду Маалыматтык китепкана борборунун башчысы, милициянын полковниги Ж.К.Кадырмамбетова, 2-орунду Тилге даярдык кафедрасынын ага окутуучусу милициянын майору Ж.Н.Койчуманова, 3-орунду Маалыматтык китепкана борборунун кенже-тескөөсүсү милициянын ага сержанты Б.А.Маамытова ээледи. Ал эми курсанттар арасында 1-орунга 2-курстун курсанты Д.Д.Молдокеримов, 2-орунду  2-курстун курсанты Маматкарим у.М., 3-орунду 1-курстун курсанты Таалайбек к.Г. татыктуу болушту.

Оюндун аягында жеӊүүчүлөргө тилге даярдык кафедрасы тарабынан даярдалган сыйлуу белектер тапшырылды.

Обновлено 03.03.2017 05:14