1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Печать
Автор: abaevna   
19.12.2019 17:51

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.А. Алиев атындагы Академиясы «Ала Тоо» Эл аралык университети менен биргеликте 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган илимий-практикалык конференция өткөрдү.

alt

Конференциянын ишине ИИМдин Академиясынын, «Ала Тоо» Эл аралык университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулук курамдарынын өкүлдөрү, курсанттар жана студенттер катышышты.

Илимий иш-чаранын жүрүшүндө баяндамачылар (окумуштуулар, курсанттар жана студенттер), «Кыргызстандагы репрессия: келечек муунга сабак», «1937-1938 жылдардагы саясий репрессиялар жана анын азыркы учурдагы кесепеттери», «Көмүскөгө көмүлгөн Кыргыз интеллигенциясы», «Улуттук баалулуктарды коргогон инсандардын татаал тагдыры», «Кыргыз адабиятындагы репрессиянын чагылдырылышы», «Эгемендүүлүктү эңсеп атылган уулдар» жана башка конференциянын темасынын алкагында кеңири баяндама жасашты.

alt

 

Обновлено 20.12.2019 03:19