Курсанттар ардагер менен жолугушуп, музейге да барып келишти. Печать
Автор: abaevna   
14.02.2020 05:56

Бугун ИИМдин Академиясынын курсанттары ИИМдин С. Нааматбаев атындагы музейи менен таанышышты. Ал гана эмес ИИМдин Академиясынын ардагери милициянын отставкадагы полковниги  Байгазиев Өмүрбек Өмүрович менен да жолугушуп, кызыктуу баарлашуу болуп өттү. Мындай иш-чаралар  мыйзамдуулукту сактоо, тартип бузууларды болтурбоо максатында ИИмдин Академиясынын курсант, студенттеридин арасында дайыма уюштурулуп келет. Улуу муундун басып өткөн жолун, бай тажырыйбасын жаңы муунга сиңирүү менен аларды адеп - ахлактуулукка, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга , гумандуулукка, ак ниеттүүлүккө, кесипкөйлүккө тарбиялоо - бул биздин максат.

alt