ИИМдин Академиясында "ачык эшиктер күнү" уюштурулду Печать
Автор: abaevna   
10.02.2020 04:33

       8-февралда ИИМдин Академиясында "ачык эшиктер күнү" уюштурулду. Бул күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик департаментинин жоокерлери келишти.

 

Академия тууралуу толук маалымат алышып, жаңы заманбап материалдык-техникалык базасы менен таанышып, Академиянын музейи, криминалисттик музей, саптык аянт жана футбол ойноочу талаада болушту. Андан соң ТИР ок атуучу жайына келишип, электрондук ок атышып ыраазы болуп кетишти. Келген конокторго ИИМдин Академиясынын Социалдык, тарбия иштерин уюштуруу жана ММК менен байланышуу бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги А. Кадыркулов тарабынан сый тамак уюштурулду.

alt

 

alt

 

alt

Обновлено 10.02.2020 07:44