Президенттик стипендиянын ээлери менен маек Печать
Автор: abaevna   
08.02.2020 16:51

Президенттик  стипендияга ээ болгондордун бири - ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын 4-курсунун курсанты  Сыймыкбек  Аманов. «Ата мекениме кызмат кыламын, элимдижеримди коргойм» деп чоңойгон  Сыймыктын аруу тилеги милиция кызматкери болуу экенин айтуунун кажети жоктур. Милициялар тууралуу тартылган  сериалдарды калтырбай көрүп, андагы каармандардын ордуна өзүн койгон учурлары болгонун айткан Сыймык мына буларга токтолду:«Минтип кармаса болот эле кылмышкерди, бул жерин туура эмес кылып коюшту  деп телевизорду тиктеп олтуруп тасмага сүңгүп кирип кетээр элем. Өзгөчө «Шеф» деген сериалдагы полковник Расторгуевдин кылмыш иликтегенине таасирленчүмүн. Ошол таасирлерден уламбы, окуумду бүтүрсөм тергөөчү болуп, ар бир чиеленген иштин учугун издеп, тергөөнүн сырларын билгим келет…»

 

Алдыга чоң максаттарды коюп билим алып жаткан  президенттик стипендиат Сыймык Аманов келечекте министр болгусу келет. Ал бийиктикке жетүү үчүн  талыкпастан көптөгөн жылдар ак кызмат өтөп, кыйынчылыктарды жеңе билүү зарылдыгын  түшүнө билген Сыймык азыртан баарына даярдык көрүп келет. «Менин тандоомду ата-энем туура кабыл алып, эмдигиче колдоо көрсөтүп келишет. Алардын мага  болгон ишенимин акташ үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүмдү жумшап окудум. Ал аракетибизи бааланып, жыйынтыгы жаман болгон жок. Президенттин стипендияга жеткенимди уккан апам ыйлап жиберсе, атам абдан кубанды. Бул нерсе мен үчүн чоң стимул болуп, мындан ары мага чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн сездим»,дейт  Сыймыкбек Аманов.

 

alt

       Президенттик стипендияга татыктуу болгон ушул эле окуу жайдын 4-курсунун курсанты Касиет Жаныбекова  болсо мектепте окуп жүргөн кезинде  форма кийиле турган эки кесипти жактырчумун дейт. Биринчиси милиция кызматы болсо, экинчиси дарыгерлик экен. Убакыт өткөн сайын биринчи кыялы тартып баратканын сезген Касиет бул тууралуу оюн ата-энесине айтат. Атасы колдогону менен апасы бир топко макул болбоптур. «Биринчи жолу форма кийгенде өзүмчө эле башка дүйнөгө туш болгондой сездим,-дейт өткөндү эстеп жылмайган К.Жаныбекова,-ойноп күлүп жүргөн жаным заматта токтолуп, таза, тыкан болуп, кандайдыр бир жоопкерчилик артылганын сездим. Форма кийип жүргөндө сени эл суктанып да, сынап да карай турганын сезип, өзүмдү тыкан, туура алып жүрүүгө аракеттенип келем. 1-курстан окуп жүргөндө, албетте, кыйынчылыктар кездешти. Бирок, бул кесипти тандап алгандан кийин сөзсүз окуумду аягына чыгарышым керек дедим…» Акыйкатсыздык менен келише албаган Касиет дайыма бетке айтып, бардык нерсе туура, так, мыйзам чегинде чечилиши керектигин жактырат. «Президенттик стипендияга татыктуу болушум ата-энем үчүн абдан кубанычтуу окуя болду. Атамдын көзүнө карап туруп, анын менден үмүтү чоң экенин  байкайм. Андыктан, ал үмүттү акташ үчүн бардык аракетимди жумшап окуумду жакшы аяктап, келечекте элимдин керегине жарагым, акыйкаттыкты даңазалаган жаңы мыйзамдарды иштеп чыккым  келет»,-дейт К.Жаныбекова. Өз кезегинде Касиет анын жетишкен  ийгиликтерине салым кошуп, туура багыт берген окутуучу эжей-агайларына ыраазычылык айтат. Окутуучуларынын колдоосунда Казакстанда студенттер арасында өткөн илимий-конференцияда баяндама жасап, 3-орунду ээлеп келген. «Жок дегенде полковник болуш керек…» деген принципти карманган биздин кыздын алдыда чоң максаттары, аруу  тилектери бар экен. Касиеттин үмүтүнө, аздектеген аруу кыялына, бийик максаттарына канат байлаган  өлкө башчынын «Генерал болгун, кызым!» деген  ак тилеги курсант кызды келечекте көптөгөн бийиктиктерди багындыра беришине өбөлгө түзөт деп ишенебиз.

alt

             Дагы бир президенттик стипендиат, 4-курстун курсанты Малика Болотбекова Нарын шаарында туулуп өскөн. Орто мектепти жалаң  «4», «5» менен окуган Малика «Алтын тамга» сертификатын алууга аракеттерип, бирок  албай калат. Бул нерсе Маликанын өжөрлүгүн өстүрүп, болоттой  курчутуп, алга сүрөп жүрүп олтурат. «Ошол аракетимдин акыбети кайтып, минтип Президенттин колунан сыйлык алууга жетиштим. Эми алдыда Академияны  артыкчылык диплому менен аяктоого аракетим күч»,-деди таасирлери менен бөлүшкөн М.Болотбекова. Форма кийген милиционерлерге, айрыкча формачан айымдарга суктанып чоңойгон Маликанын да аруу кыялы тартип сакчысы болуу эле. «Биринчи формага кызыгып жүрсөм, бара-бара өзүм милиция кызматкери болууну кыялдана баштадым, - дейт тандаган кесиби тууралуу каарманым, - ага кошумча эколог болуп, жаратылышты көрктөндүрүүгө салымымды кошкум келчү. Буйруса, бул кыялымды да кийинчерээк ишке ашырам деп жүрөм. Милиция боломун деген сөзүмө апам алгач  «кыз балага ылайыктуу кесип эмес» деп каршы чыкты, бирок атам «кызым, бул сенин тандооң, сени колдойбуз» деп санаамды тынчытты. Ошентип ИИМдин Академиясына окууга тапшырып окуп калдым…» 1-курстан тарта ИИМ тармагынын өзгөчөлүгүнө калыптанып, таалим-тарбия ала баштаган күндөн тарта Малика элге жардам берүү милдети тагылганын сезет. «Форма кийген күндөн баштап эле элдин бизге көп кайрыла баштаганын сездим. Эл  формачан адамды жардам бере турган адам катары кабылдарын түшүндүм. Канчалык кыйынчылыкка туш келсең, демек, сен туура жолдо баратасың дегендей, кыйынчылык күндөрдү да баштан көп кечирдик. Учурда анын баарын жеңип, минтип бүтүрүү курсунда окуп, президенттик стипендиат болууга жетиштим. Менин мындай деңгээлге жетишиме ата-энемдин, мугалимдеримдин салымы абдан чоң. 1-курста окуп жүргөндө сабакка баруу үчүн таңкы саат 5:30да турчумун. Ошол күндөн ушул күнгө чейин мени уктап калбасын  деген ата-энем эрте менен мага телефон чалып, жылуу сөздөрүн айтып ойготуп келишет. 1-курста бул нерсе мага зарыл болсо, азыр салтка айланган жагымдуу көрүнүш болуп калды. Атаэнемдин ошол эмгегин, мага болгон ишенич, үмүтүн, апакемдин ак сүтүн актайын деймин, ата-энем мени менен сыймыктанса экен деп келем»,-дейт президенттик стипендиат Малика Болотбекова.

alt

 

Обновлено 10.02.2020 04:23