Ардагер менен жолугушуу Печать
Автор: abaevna   
07.02.2020 01:41

2020-жылдын 6-февраля ИИМдин Академиясынын Ардагерлер Кеңешинин мүчөсү, милициянын отставкадагы полковниги А.Зарипов №2 факультеттин  1-курсунун курсанттары менен жолугушту. Жолугушууда, өзүнүн жаш кезиндеги башынан өткөн окуяларын, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон чоң салымдарын, милициянын иши татаал экендигине карабастан Мекенге жан дилинен кызмат кылган таасирлүү окуяларын айтып берди жана курсанттарды патриот, мекенчил, өзүнүн ишин так аткара билген, тартипти бекем сактаган, келечектеги мыкты милиционерлерден болушуна каалоо, тилектерин айтып, окууларына ийгилик каалады.

alt