Бүгүн улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнү Печать
Автор: abaevna   
12.12.2019 16:44
Бугун 12- декабрь Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган куну. Залкар жазуучунун көзү тирүү болгондо 91 жашка чыкмак. ИИМдин Академиясынын чон жыйындар залында  залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган салтанаттуу  иш-чара болуп өттү.  Кечеде жазуучунун  чыгармаларынан көркөм окулуп, алардын негизинде жазылган обондуу ырлар аткарылып, сахналык көрүнүштөр коюлду. 
alt
 
 
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калеминен жаралган чыгармалар дүйнөнүн булуң-бурчунда кайра-кайра басмаканадан чыгарылып келет. Залкардын эмгектери жүздөгөн тилге которулуп, көптөгөн окурмандардын колунан түшпөй окулуп, кыргыз элин, жерин ааламга тааныткан.
Айтматов адамдардын аң-сезимин өзгөрткөн залкар жазуучу гана эмес, дүйнөлүк саясатка таасирин тийгизген планетардык инсан болуп калды! Ал адабияттын гана руханий кубулушу эмес, дүйнөлүк маданияттын феномени болду.
 

alt
 

alt
 
alt
 
alt
Обновлено 12.12.2019 17:44