Курсанттар форум театр көрсөтүп келишти. Печать
Автор: abaevna   
12.12.2019 09:38

11-декабрда  Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүүчү баарлашуу Ассоциациясы (IDEA  CA) жабык форум театр уюштурду. Бул ассоциация азыркы күндө ИИМдин Академиясы менен "Паритет G"  долбоорунун алкагында уй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоо чөйрөсүндө тыгыз иш алып барып келүүдө.

alt

Иш-чаранын жүрүшүндө курсанттар тарабынан жазылган сценарийдин негизинде жабык форум театры коюлду. Анда уй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын жашоосунан үзүндү көрсөтүлүп, мындай көрүнүштү алдын алуу, коомдо болтурбоо боюнча  кызуу талкуу болуп өттү. Жогорудагы иш-чарага ИИМдин Академисынын ММК менен байланышуу жана СТИУ бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги А.Кадыркулов да  катышты. Иш-чаранын аягында курсанттар тастыктамалар менен сыйланышты. 

 

Обновлено 12.12.2019 10:40