Бут дүйнө ар-бирибизге жарык болсун: "Теңчилик" мууну зордуктоого каршы Печать
Автор: abaevna   
09.12.2019 07:35

9-декабрда ИИМдин Академиясынын чоң жыйындар залында, аялдарга жана кыздарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулукка каршы 16 күндүк  Эл аралык акциянын алкагында "Сезим" кризистик борборунун өкүлдөрү "Бүт дүйнө ар-бирибизге жарык болсун: "Теңчилик" мууну зордуктоого каршы!" аттуу форум - спектакль коюлду.   

alt

Кыргызстандын аймагында болуп өткөн жаш өспүрүм кызды  зордуктоо фактысы  боюнча окуяны сахналаштырып , сценарийин "Сезим"  борборунун "50 +" клубунун мүчөсү Асыл Уметалиева  жазган.   Спектаклдин жүрүшүндө, зордукка кабылган кызга, кыздын апасына карата болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн, коңшу - колоңдордун, социалдык коргоо кызматынын жана ИИО кызматкерлеринин мамилеси чагылдырган. Өлкөдө калыптанып калган "Эл эмне дейт" стереотипин чагылдыруу менен зордуктоодон жабыр тарткан кыздын кийинки тагдыры, мындан ары кандай өмүр сүрүшү керек,  же кызды чет өлкөгө кетирип,  эл алдында намысын сактап калууга үндөгөн коңшу-колоңдордун сунушуна баш ийүү керекпи деген суроо жаратты.

Спектаклден кийин "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова курсанттардын арасында окуяга болгон көз карашы, ой жүгүртүүсү тууралуу сурамжылап, бул окуяга ким күнөөлүү, кандай чара көрүлүшү керек атту суроого жооп издеп,  кызуу талкууга салды. 

Анын айтымында: "2018-жылы 223 зордуктоо учуру катталган. 2019-жылдын акыркы 10 айында 341 жолу аялдар жана кыздарга карата зордуктоо болгон. Мындай учурда адам психологиялык жактан оор жаракат алат жана өмүр бою аны менен жашайт. Кыздар жана аялдарга карата зордуктоо болгон учурда алардын 10%ы гана тезирээк унутууну каалап, милиция кызматына кайрылат. Биздин маалыматтарга ылайык, жабыр тарткандардын 3%ы гана жардам сурап кайрылат. Бирок чындыгында бул көрсөткүч кыйла жогору", - деди Б. Рыскулова.

alt

 

alt

alt

 

alt

alt