Курсанттар жана студенттер карыларды куттукташты Печать
Автор: abaevna   
07.10.2019 03:47

2019-жылдын 5-октябрында ИИМдин Академиясынын №2, №3 факультеттеринин курсанттары жана студенттери Карылар үйүнө барышып, 1-октябрь Карылар күнү майрамы менен куттукташып, карыларга концерт коюшуп, көнүлдөрүн көтөрүшту. Андан сырткары, Карылар жашаган жайдын ичин жууп, сырткы аймагындагы бак-дарактардын жалбырактарынан, таштандылардан тазалашып, өзүлөрүнүн демилгелери менен чогултулган акча каражатына карылар үйүнө зарыл деген тамак-аштарын алып берип келишти.