ИИМ Академиясынын курсанттары Польшадан алтын, күмүш медалдар менен кайтышты Печать
Автор: Administrator   
13.11.2013 08:30

            21-сентябрдан 24-сентябрга чейин Польша мамлекетинин Белосток шаарында өткөн “Алыш” боюнча дүйнөлүк мелдеште командалык эсепте Кыргызстан командасы 1-орунду татыктуу ээледи. Дүйнөнүн 26 мамлекетинин балбандары катышкан мелдешке Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясынын эки курсанты катышып өлкөбүздүн туусун бийик көтөрүп келишти.

 Академиянын 3-курсунун курсанты Кочкоров Мырзабек финалда польша улутундагы балбанды жеңип дүйнөнүн чемпиону болуп аталды. Мырзабек өзүнүн 70 кг салмактык категориясында ушул эле жылы самбо боюнча Кыргыз Республиасынын ИИМдин биринчилигинде 1-орунду, улуттук күрөш боюнча Кыргыз Республиасынын ИИМдин биринчилигинде 1-орунду жана “Алыш” күрөшү боюнча Азиянын чемпиону болгон.

            Ал эми 3-курстун курсанты Арстанбай уулу Эламан күмүш медаль алып келди. Буга чейин “Алыш” боюнча 80 килограммдык категориясында Кыргызстандын биринчилигинде 2-орунду, Кыргызстандын ЖОЖдор арасында өткөн универсиадада 3-орунду жана Азиянын призеру болуп, анда да экинчи орунду ээлеген.

 Курсанттарды мелдешке даярдаган “Алыш” боюнча спорттун чеберлери Академиянын Күжүрмөн жана дене тарбияга даярдык кафедрасынын башчысы милициянын подполковниги Сагын Жумабековдун жана кафедранын машыктыруучусу милициянын капитаны Аскар Ботбаевдин салымдары чоң.

ИИМдин Академиясынын басма-сөз кызматы

 

Обновлено 14.11.2013 04:01