ИИМ Академиясында Мамлекеттик тилдин 24 жылдыгына карата “Эне тилим – эне сүтүм” аттуу чакан майрамдык кечеси болуп өттү Печать
Автор: Administrator   
13.11.2013 08:26

2013-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында Мамлекеттик тилдин 24 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын №343 “Мамлекеттик тил күнүн белгилөө” жөнүндө буйруктун негизинде Тарбиялык иштер жана социалдык коргоо бөлүмү жана Тилге даярдык кафедрасы тарабынан “Эне тилим – эне сүтүм” аттуу чакан майрамдык кече уюштурулду.

 Иш-чарага Академиянын башчысы Жеңиш Джакипов баш болгон жалпы өздүк курам катышышты. Өз кезегинде башчы жалпы кесиптештерин куттуктап, бул майрамдын мааниси чоң экенин, жана Академияда иш кагаздары кыргызча жүргүзүлө баштаганын айтты. Чакырылыган коноктордон Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коомунун вице-президенти Бейшенбек Иманалиев катышып, Академияда кыргыз тилин өнүктүрүүгө кубануу менен салымын кошоорун жана “Кыргыз тили жана маданияты” гезитин бекер берип турууга дагы даяр экенин айтып кубантты.

 Ал эми төкмө акын Азамат Болгонбаев комуздун коштоосунда каалоо тилектерин арнады.

 Улуттук майрамдын урматына арналган концертти Академиянын офицерлери жана курсанттары даярдашты. Мамлекеттик тил гимни менен ачылган концертте буга чейин өлкөбүздө боло элек, тобу (хором) менен “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, курсант кыздар Каныкейдин кошогун кошушту. Тилге арналган, патриотттук ыр-бийлер аткарылып, заманбап улуттук ийимдердин көргөзмөсү (модасы) болуп, комузда күүлөр ойнолду.

 Быйылкы Кыргыз тили күнүнө карата атайы иш пландын негизинде “Манасчылар” ийрими түзүлдү. Албетте буга Тилге даярдык кафедрасынын доценти, милициянын полковниги Чынаргүл Кадырованын салымы чоң экенин айтып кетпесек болбойт.

 Мындан сырткары майрамга карата тил жумалыгы жарыяланып, дубал гезиттердин сынагы уюштурулду.

ИИМдин Академиясынын басма-сөз кызматы

 

Обновлено 14.11.2013 04:02