ИИМдин Академиясында «Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү» аттуу илимий-практикалык конференциясы болуп өттү Печать
Автор: abaevna   
28.09.2020 05:30

Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын тилге даярдык кафедрасы жана илимий-изилдөө борбору Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын 30-январындагы №1 мк/1, мк/2 коллегиясынын чечимдерин, 2020-жылдын 3-январындагы №68-б буюрмасынын талаптарын жана ИИМдин Академиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №24 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында, ИИМдин Академиясынын 2020-окуу жылына түзүлгөн комплекстүү иш-мерчемине ылайык, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата 2020-жылдын 24-сентябрында “Кыргыз Республикасынын ИИОдо мамлекеттик тилди өнүктүрүү” деген темада илимий-практикалык конференциясын өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карата онлайн режиминде өткөрдү.

alt

 

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Орозов Асылбек Кудайбердиевич, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ү.Ибраимова, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун Мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к, доцент А.К.Шаршенбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу юридикалык академиясынын Мамлекеттик тил борборунун башчысы М.М.Расулова, Кыргыз Республикасынын ИИМдин УКЭКБнын мамлекеттик тил бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын полковниги А.Э.Орозакунов жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык ИИББнын өкүлдөрү, ИИМдин транспорттук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жана атайын орто мектебинин профессордук-окутуучулук курамы, массалык-маалымат кызматкерлери катышышты. Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Ички иштер органдарынын системасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери жана аны окутуунун көйгөйлөрү, жагдайлары, ар түрдүү себептери талкууланды, ИИОдо иш кагаздарын Мамлекеттик тилде жүргүзүү иштери каралып, тилдин өнүгүшү боюнча алдыда аткарылуучу иш-мерчемдер сунушталды. ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана студенттерине курстук иштерди, дипломдук иштерди, рефераттарды мамлекеттик тилде даярдалуусун жакшыртуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын профессоордук-окутуучу курамы, юристтер жана филолог-лингвисттер менен биргелешип, жумушчу топ түзүп, бирдейлештирилген юридикалык терминдердин сөздүгүн иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги, КРдин Өкмөтүнө караштуу юридикалык академиясы жана ИИМдин Академиясы менен биргеликте иш алып барууну уюштуруу, ИИМде бекитилген иш кагаздарынын үлгүлөрүн ИИОдо жана күч түзүмдөрүнүн тармактарына жайылтууну улантуу сыяктуу сунуштамалары иштелип чыкты

alt

 

Обновлено 30.09.2020 03:17