Саптык ырлар сынагы. Печать
Автор: abaevna   
21.02.2020 10:07

Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында салтка айланган “Саптык ырлар” сынагы өттү. Сынак 15-февраль СССРдин жоокерлери Афганистандан чыгарылган күнүнө жана 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулду. 

alt

 

Анда калыс катары  Ооган согушунун ардагерлери Сулайманов Т., Туктахумов М., Абдырасаков Д. чакырылган. Сынактын шарты боюнча,  катышып жаткан алты рота эне тилинде  мекенге арналган ыр саптарын аткарышып, майрамдык  марш менен өтүштү.        Калыстардын берген баасы менен, 2-курстун курсанттары жеңип чыгып, өтмө кубокко ээ болушту. Мындан тышкары Академиянын курсант, студент, кызматкерлерине Ооган согушунун ардагерлер кенеши тарабынан медаль жана ардак граматалар тапшырылды.  Андан соң, Академиянын айымдары мырзаларды майрамы менен куттукташып, чакан концерттик программасын тартуулашты.

alt

 

Обновлено 22.02.2020 17:49