Үлгүлүү курсанттардын ата-энелерине ыраазычылык Печать
Автор: abaevna   
01.01.2020 15:06

ИИМдин Академиясынын жетекчилигинин демилгеси менен жыл ичинде өзүн үлгүлүү алып жүргөн, окууда мыкты жетишкендиктери жана коомдук иш-чараларга активдүү катышып келген № 2 факультетинин  курсанттарынын ата-энесине алкыш жарыяланды.

 

alt    alt

 

Аталган иш-чара 2019 -  жылдын 30-декабрында ИИМдин Академиясынын чоң жыйындар залында курсанттардын ата-энелеринин, жакындарынын катышуусунда өттү.

ИИМдин Академиясынын жетекчилигинин демилгеси менен жыл ичинде өзүн үлгүлүү алып жүргөн, окууда мыкты жетишкендиктери жана коомдук иш-чараларга активдүү катышып келген № 2 факультетинин 9 курсанттын  ата-энесине алкыш жарыяланды.

Жолугушууда ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Бийбосунов А. К. курсанттардын ата-энелерине ыраазычылыгын билдирип, «Сиздердин уул-кыздарыӊыздар менен биздин окуу жайдын аты жакшы жагынан чыгып жатат. Республика боюнча 31 ЖОЖдун 74 студенти окуудагы жетишкендиктери үчүн президенттик стипендияга ээ болушту, алардын арасында ИИМдин Академиясынын уч курсанты да бар.  Коомдук иш-чараларда, илимий-практикалык конференцияларда,  өздөрүн татыктуу алып жүрүү менен бирге эл аралык илимий иш-чараларга катышып алдыӊкы орундарга чыккандары да аз эмес. Ошол себептен сиздердин балдарыӊыздарга берген тарбияӊыздарга, аларга билим берүүдө кошкон салымыӊыздар үчүн жалпы окутуучу курамдын атынан ыраазычылык айтам» - деп, кирип келе жаткан жаӊы жылдары менен да куттуктап өттү.

Андан соӊ башчы ата-энелерге алкыш баракчаларын тапшырды.

Өз учурунда   ата-энелер дагы ИИМдин Академиясынын жетекчилигине, факультеттин кызматкерлерине, профессордук-окутуучулук курамына рахматтарын айтып, аларга бир гана билим берүү менен чектелбестен, Мекенди сүйүүгө, тыкан жана чечкиндүү болууга үйрөтүп жатышканын айтышты.

 

alt   alt