ИИМдин Академиясы студенттик фестивальга катышты Печать
Автор: abaevna   
18.12.2019 18:31

17-20 декабрда Бишкек шаарында салт болуп калган, жыл сайын өтүүчү студенттик "Жаңы ысымдар" фестивалына ИИМдин Академиясы да катышып жатат. Бул иш - чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстандын театр ишмерлеринин союзу жана Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искуство университети тарабынан уюштурулган. 18 - декабрда Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдымомунов атындагы орус драм театрында  ИИМдин Академиясынын курсанттары Ч.Айтматовдун "Жамийла" повестинин негизинде жазылган чакан спектакль көрсөтүштү. Жеңүүчүлөр 20-декабрда   иш-чаранын жабылуу аземинин алкагында аныкталып, сыйланмакчы.

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

 

Обновлено 19.12.2019 18:16