ИИМдин Академиясынын №1 факультетинин угуучулары "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплекси менен таанышышты. Печать
Автор: abaevna   
09.11.2019 05:31

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 8-ноябрь күнү №1 факультеттин угуучуларына "Ата - Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинде сырттан сабак уюштурулду. Коомдук - саясий сабактар кафедрасынын окутуучусу, милициянын кенже лейтенанты Медет Алымбеков  мемориалдагы ар бир эстеликтин тарыхын, тарыхый инсандар жөнүндө кенен баяндап берди. Андан тышкары, "Үркүндө" курман болгон ата-бабалардын элесине, саясий репрессиянын курмандыктарына арналып куран окулду.  

 alt

Обновлено 09.11.2019 05:33