Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү ИИМдин Академиясында  кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолуп келген. Быйыл да мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин Академиясында стенд уюштурулуп, кызгыз тилине арналган ыр саптарын көркөм окуу иш-чарасы болуп өттү. ИИМдин Академиясынын жалпы жамааты  кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап төмөнкү ыр саптарын арнамакчы.

Эне тилим энекемдей үйрүлүп, 

Кут төгүлгөн дасторконунун жайнатат.

Куурап калган бутактарын гүлдөтүп 

Мөлтүрөгөн мөмөлөрүн байлашат.

Кыялданып бак аралап баратсам

Куштар дагы кыргызча так сайрашат

Кыргыз көйнөк кийинишкен кыздардай 

Кызгалдактар жан-жанымда жайнашат. 

 

alt

 

alt

 

 

alt

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign