Кто на сайте

Сейчас 66 гостей онлайн

.

Loading
ИИМдин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө. PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
21.05.2020 07:49
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарына  бөлүнүп,  коронавирус илдетин жайылтпоо максатында алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.  Кун сайын Бишкек шаарында  жайгашкан коомдук жайларда патрулда жүрүп, шаар тургундарына чектөө чараларын сактоо керектигин эскертип, мүмкүн болушунча  жашаган жеринен чыкпоого үгүттөп , зарыл муктаждык жаралганда гана  жеке коргонуу каражаттарын колдонуп,   социалдык аралыкты сактоо менен  көчөгө чыгуусун суранып келишүүдө. Ошондой эле шаар тургундарынан өздөрүнүн, улгайып калган туугандарынын жана  жаш балдарынын ден соолугуна көнүл буруүсүн суранып,  жугуштуу илдеттен коргонуу чаралары жөнүндө  айтып беришүүдө.
alt
 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign