Кто на сайте

Сейчас 68 гостей онлайн

.

Loading
ИИМдин Академиясында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди жана курсанттарды эскеришти PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
15.05.2020 04:29

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2015-жылдын 22-майындагы №529 буйругуна ылайык, жыл сайын 15-май күнү кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү катары белгиленип келүүдө.

alt

Бүгун Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында да өз өмүрүн аябастан кызматтык милдеттерин өтөп жатып курман болгон кызматкерлерди жана курсанттарды  эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басарлары жана кызматтардын жетекчилери катышты. ИИМдин Академиясынын "Даңк" мемориалына гүл койгон соң,   Эскерүү минутасы жарыяланып каза болгон кызматкерлердин, курсанттардын элесине арналып куран окулду. 

 

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign