Кто на сайте

Сейчас 67 гостей онлайн

.

Loading
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы №1 факультетке (дистанттык-сырттан окуу жана магистратура боюнча) талапкерлерди кабыл алууну жарыялайт PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
04.05.2020 15:14

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын №1 факультети (дистанттык-сырттан окуу жана магистратура боюнча) Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын, укук коргоо, фискалдык органдардын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин (аттестацияланган жана жалданма курамын) сырттан окуу формасында билим алууга чакырат.

 

Академия “Юриспруденция” багыты боюнча “бакалавр” академиялык даражасын ыйгаруу менен төмөнкү багыттарда билим берүү жүргүзөт:

- орто билимдин негизинде 5 жыл;

- жогорку билимдин негизинде 2,5 жыл (юридикалык эмес билимдин);

- атайын орто билимдин негизинде 3,5 жыл (орто атайын юридикалык кесиптик билимдин).

Бүгүнкү күндөгү талаптарга ылайык, Академиянын сырттан окуу формасына орто билимдин негизинде 5 жыл окуу мөөнөтүнө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ал эми жогорку билимдин негизинде 2,5 жыл, атайын орто билимдин негизинде 3,5 жыл окуу мөөнөтүнө тапшырган талапкерлер “Кыргызстандын тарыхы”, “Кыргыз (орус) тили жана адабияты” сабактары боюнча тестирлөөдөн өтүшөт.

Талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышат:

- билдирме (арыз) жетекчисинин уруксааты менен;

- анкета;

- кызмат өтөгөн жеринен окууга жөнөтүү чечими менен кызматтык мүнөздөмө;

- аскердик врачтык комиссиянын бүтүмү (5 жыл гранттык бюджеттик орунга);

- акы төлөө боюнча окууга тапшыргандарга №0,86 медициналык маалымдама;

- билими жөнүндөгү документ (орто билими жөнүндөгү аттестат, орто атайын кесиптик жана жогорку билими жөнүндөгү диплом);

- кадрлар бөлүмүнүн кызматкери тарабынан тастыкталган 9х12 –  2 даана, 3х4 – 4 даана сүрөт;

- Фискалдык органдардын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери “атайын текшерүүнүн” материалдарын да өткөрөт .

Талапкерлерди кабыл алуу 2020-жылдын 15-июлуна чейин жүргүзүлөт.

Акы төлөөсү 1 жылга – 21000 сом (жыйырма бир миң сом).

Байланыш телефондор: 631738, 631739, 0701 412412.

Обновлено 14.05.2020 01:44
 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign