Кто на сайте

Сейчас 37 гостей онлайн

.

Loading
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги “Бир ырдын сынагы” конкурсун жарыялайт. PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
11.03.2020 09:13

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги “Бир ырдын сынагы” конкурсун жарыялайт.  Быйыл 1-ноябрда КРнын ички иштер органдарынын уюшулгандыгына 96 жыл толот. Мындан улам, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте милициянын жагымдуу образын ачып, анын тарткан түйшүгүн, жасап жаткан эмгегин, коомдогу ордун көркөм чагылдыра алган чыгарма жараткандарга сынак жарыяланып, сыйлыктар берилет. 

Сынакка жиберилген ырлардын көлөмү стандарттуу (4 саптык) формада жана алты куплеттен ашпаган, уйкаштыгы, көркөмдүгү, ыргагы адабий талаптарга төп келген, милициянын ишин, турмушун жана милиционердин күжүрмөн образын чагылдырган, мурда эч жерде жарыяланбаган, эл алдында ырдалбаган, ушул сынакка арналып жаңы жазылган чыгарма болушу керек. Эгерде чыгарма ыр түрүндө жазылган болсо, саптары алты куплет ырдын көлөмүнөн ашпашы шарт. Сынакка жаш курагы боюнча чектөөлөр жок. Ырдын тексттери 12-шрифт менен терилип, ө, ү, ң, тамгалары кыргызча жазылышы керек. Сынакка жиберилген чыгармалар 2020-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат да жыйынтыгы 7-ноябрда чыгарылып, жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар тапшырылат. Чыгармаларды тандоодо акыйкаттык болушу үчүн 9 адамдан турган калыстар тобу дайындалат. Алардын төртөө Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунан, бешөө ИИМдин кызматкерлеринен болмокчу. Чыгармаларды төмөнкү дарек боюнча жиберсеңиздер болот: Сынакка катышуучу материалдар 2020-жылдын 15-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын “Бетме бет” гезитинин электрондук почтасына “ Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript ” дарегине жөнөтүлөт. (Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 469 дареги) тел.: (0312) 266125, 266124 байланышсаңыздар болот. ИИМдин Академиясынын курсант, студент угуучулары Академиянын УСТИ жана ММКБ бөлүмүнө же Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript дарегине жиберсе болот.

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign