Кто на сайте

Сейчас 51 гостей онлайн

.

Loading
ИИМдин Академиясында 8-март майрамы белгиленди PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
09.03.2020 01:37

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата ИИМдин Академиясында майрамдык иш-чаралар болуп өттү. ИИМдин Академиясынын мырзалары жумушка келип жаткан аялдарды музыканын коштоосунда гул менен тосуп алып жатышты.

alt

Белек катары атайын аялдар үчүн флай-йога, фитнес менен машыгууга боло турган спорт залын керектүү жабдыктар менен жабдуулап, ачылыш аземин өткөрүштү. Андан соң Академиянын жетекчилиги окуудагы жетишкендиктери үчүн курсант, студенттерге алкыш жарыялап, айымдарга бир катар сыйлыктарды тапшырды. ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги А.Бийбосунов өзүнүн сөзүндө "Сиздерди алдыда келе жаткан " Айымдардын эл аралык күнү" менен мырзалардын атынан чын жүрөктөн куттуктайм! Жаз менен кошо келген 8- март майрамын баарыбыз кубануу менен белгилейбиз. Ички иштер органдарында кызмат кылуу жеңил эмес болсо да, айымдар эркектер менен тең катар өз милдеттерин аткарып, мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылууга чоң салым кошуп, ошону менен бирге турмуш түйшүгүн өз мойнуңуздарга алып келесиздер. Сиздерге чын ден-соолук, талыкпас кайрат каалайм, Жаз майрамыңыздар кут болсун, - деди. Андан соң аялдарга арналган чакан концерттик программа тартууланды

alt

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign