Илимий-практикалык конференциянын максаты болуп Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчиктин бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу, өркүндөтүү болуп саналат.

      Катышуучулар менен учурашуу жана кириш сөз Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги, ю.и.д. А.М. Джоробековага берилди.
     Негизги баяндамачылар катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, КР ИИМнин, Бишкек ш. ШБИнин кызматкерлери, Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын ассоциациясынын, “Кыргызстандын юристтер ассоциациясы” атындагы юридикалык жактардын бирикмесинин, “АРТЕ” юридикалык фирмасынын өкүлдөрү, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик Университетинин, Кыргызстан-Россия (Славян) Университетинин, КРнын мамлекеттик юридикалык университетинин өкүлдөрүү жана Кыргыз Республикасынын Академиясынын профессордук окутучуулар курамы катышты.
         Илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгында бардык катышуучулар бир пикирге келишти, Кыргыз Республикасында автордук укукту коргоо жана сактоо боюнча бул жүргүзүлгөн иш-чара тажрыйба алмашуу, заманбап көйгөйлөрүн чечүүчүн бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча ыңгайлуу аянтча болду.

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign