Кто на сайте

Сейчас 48 гостей онлайн

.

Loading
Советтер союзунун Ооганстандан өз аскерин чыгарганына быйыл 31 жыл PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
15.02.2020 04:20

Советтер союзунун Ооганстандан өз аскерин чыгарганына быйыл 31 жыл болот. Ага карата ИИМдин Академиясында атайын стенд уюштурулду. 

alt

Бул согушка союздан 120 миң адам (12 дивизия) катышкан. Анын ичинен 15 миңден ашык жоокер жана офицер курман болуп, миңдеген жоокерлер жарадар болуп кайтышкан. Тарыхта бул муун «Афган синдрому» деген ат менен эскерилет.

Кыргызстандан Ооган согушуна 7400 жоокер барган. Алардын ичинен  300дөн ашууну курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. 2 кыргызстандык жоокерге «Советтер союзунун баатыры» наамы берилген.

1988-жылдын 15-майында бул согушка чекит коюлуп, Женева келишимине ылайык, Афганистандан советтик аскерлер чыгарыла баштаган. 1989-жылдын 15-февралында акыркы жоокерлер Аму дарыясынын көпүрөсү аркылуу Советтик Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өтүшкөн.

Учурда ИИМдин Академиясында Ооган согушунун 1 ардагери кызмат өтөп келет. Ал Ыкчам издөө ишмердүүлүк кафедрасынын начальниги милициянын полковниги Абдырасаков Дыйканбай Советбекович.

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign