Коронавирус 38 түрү камтылган вирустардын үй-бүлөсүнө кирет. Алардын алтоо (жаңы вирус менен жетөө) кишини оорутат.

Коронавирустар буга чейин дагы кооптуу абалды жараткан. Маселен, 2003-жылы "Дем алуу органдарынын синдрому" же SARS, 2012-жылы "Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому" же MERS кеңири жайылып, жүздөгөндөрдүн өмүрүн алган. Вирус жаныбардан адамга жаңы жуккан кезде, ал тез жайылып кете албайт. Бирок жаңы организмге көнгөндөн кийин вирус тез жайылып, кооптуу жагдайды түзүшү ыктымал.

Коронавирустан кантип коргонуу керек?

- колду дайыма самын же курамында спирт бар каражат менен жууп туруу;

- чүчкүргөндө же жөтөлгөндө оозду жана мурунду кол же кагаз сүлгү менен жабуу;

- чала бышкан эт азыктары менен тамактанбоо;

- жапайы жаратылыштагы жаныбарлар жана куштарга жакындабаш керек;

- эгер  дене табы көтөрүлсө, жөтөлүп, дем алуудан кыйналып жатсаныз медициналык жардам алыныз.

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign