Бул иш - чара Бириккен улуттар уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынар уюштурулуп, ИИМдин Академиясынын 5 кызматкери катышып келишти. Семинар -  тренингде баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн субъектилери,  баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачуу, аны менен бирге маалмыматтык - комуникациялык технологияларды колдонуу, ИИО ведомстволор аралык кенен масштабдагы  ыкчам  алдын алуу иштерин жүргүзүү,  баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн эл аралык тажырыйбалары жана маалыматтык ресурстарды колдонуу менен жаңы пайда болгон психотроптук активдүү заттар менен курөшүүнүн жолдору боюнча маалымат алышып, сертификаттарга ээ болушту. 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign