Тагыраак айтканда, өлкө башчы тарабынан жарыяланган “Жаштар жана Билим жылында” окуу жай өзүнүн эң жогорку статусуна ээ болгон. Окуу жайга кыргыз милициясынын тарыхындагы биринчи милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевичтин ысымы ыйгарылган. Бул мааракеге карата ИИМдин Академиясынын 4-курстун студент, курсанттары  кышкы сынактарын ийгиликтүү тапшырып, мамлекеттик практикага жөнөө алдында, келечекке болгон жакшы ой - тилек, максаттары менен, “Бүтүрүүчүлөр аллеясына”  балатыларды тигишти.  

ИИМдин Академиясында “Бүтүрүүчүлөр аллеясы” 2018-жылы негизделген эле. Эң алгачкылардан болуп, балатыны быйыл окууну аяктайбыз деп турган бүтүрүүчү курсанттар жана студенттер отургузган. Көп өтпөй окуу жайды 1997,1998,2003, 2004, 2005, 2008, 2010 - жылдары аяктаган  бүтүрүүчүлөр учкан уясына балаты отургузуу  демилгеси улантылып келүүдө.

 alt   alt

alt

 

 

 

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign