1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын ишине ИИМдин Академиясынын, «Ала Тоо» Эл аралык университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулук курамдарынын өкүлдөрү, курсанттар жана студенттер катышышты.

Илимий иш-чаранын жүрүшүндө баяндамачылар (окумуштуулар, курсанттар жана студенттер), «Кыргызстандагы репрессия: келечек муунга сабак», «1937-1938 жылдардагы саясий репрессиялар жана анын азыркы учурдагы кесепеттери», «Көмүскөгө көмүлгөн Кыргыз интеллигенциясы», «Улуттук баалулуктарды коргогон инсандардын татаал тагдыры», «Кыргыз адабиятындагы репрессиянын чагылдырылышы», «Эгемендүүлүктү эңсеп атылган уулдар» жана башка конференциянын темасынын алкагында кеңири баяндама жасашты.

alt

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign