Кто на сайте

Сейчас 64 гостей онлайн

.

Loading
Академияда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. PDF Печать E-mail
Автор: abaevna   
06.11.2019 04:25

Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленүүдө. Бул күну  1916-жылдагы улуттук – боштондук көтөрүлүшүнө, февраль жана октябрь революциялары, репрессиянын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максаты камтылган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасирин тийгизген тарыхый окуялар, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүү менен, 6-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында атайын көрсөтмө тактасы уюштурулду. Анда, 1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн жана каргашалуу окуялардын, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна чон салымын кошкон ХХ кылымдын 30-жылдарындагы саясий репрессиялардын курмандыгы болгон инсандардын сүрөттөрү илинди.

 

alt

 

 

alt

Обновлено 06.11.2019 09:05
 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign