Кыргыз милициясынын 95 жылдык юбилейине арналган "Жазык процесстик ишмердүүүгүнүн актуалдуу көйгөйлөрү" аттуу илимий-практикалык конференция 2019-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында болду. Конференцияга КМЮАнын криминалистика жана экспертиза кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор О.Д. Ким, Ж. Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик укуктук теория жана тарых кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору, профессор Т.И. Ганиева, КРСУнун жазык процесс жана криминалистика кафедрасынын доценти ю.и.к. М.И. Усаров, Бишкек шаарынын Свердлов районунун тергөө соту А.С. Касымбеков, Академиянын жетекчилиги жана башка Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматынын кызматкерлери, жазык-процесс кафедрасынын окутуучулары катышып, азыркы учурда болуп жаткан жазык-процессиндеги алдын ала тергөө моделинин соттук жарыш модели, процесстик тартиптин жана тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн айрым маселелери, Кыргыз Республикасынын жазык процесстик мыйзам чыгаруучулугунун актуалдуу суроолору тууралуу талкуу болду. 

 

 

alt

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign