Кыргыз Республикасынын Академисынын 50 жылдыгын белгилөө иш алкагында “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы: тарыхы, бүгүнкү күнү жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференциясы болуп өтүп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги, юридика илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Адылбек Качкынбекович Бийбосунов илимий-практикалык конференциянын катышуучуларына ИИМдин Академиясынын түзүлүүсүнүн, калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн  тарыхын баяндап, конференциянын талаптары, максаттары жөнүндө айтып кетти.

 

 

Юридика илимдеринин доктору, милициянын отставкадагы генерал-майору Т.А. Асаналиев сөз сүйлөп,   Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарына кызматкерлерди даярдоодо Кыргыз Республикасынын ИИМдин окуу жайынын түзүлүү жолдорун, кандай жетишкендиктер болгондугун жана ээлеген ордун баса белгилеп кетти.

Илимий конференциянын катышуучусу, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Бексултан Бекмолдоевич Ишимов баяндамасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын түзүлүүсү ички штер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга жакшы өбөлгө экендигин билдирди.

Конференциянын катышуучулары билим берүүнүн интенсификациялоо жана жаңы маалыматтык системасын жана технологияларды билим берүү процессине киргизүү максатында ар кандай сунуштарды кабыл алышты.

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign