2019-жылдын 26-сентябрында ИИМдин Академиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын  30 жылдыгына карата, “Улут болсом, тилим менен улутмун!” аттуу концерт №2, 3 факультеттердин курсанттарынын жана студенттеринин катышуусунда уюштурулуп өткөрүлдү. Концертте Кыргыз тилинин кадыры жөнүндө  айтылып, Залкар жазуучуларыбыз эне тилибизди баалап-барктап, анын көөнөрбөстүгү тууралуу даңазалап жазып калтырып кеткен учкул сөздөрүнөн айтышып, жез таңдай акындарыбыздын ыр саптарынан окушту. Келечектеги муундарга насаат катары, Кыргыз тилибизди унутпай эне тилибизде сүйлөп, эне тилибизде ырдап жүрөлү дешип, кыргыз ырларын ырдашып, кыргыз бийлерин бийлешти.

 

 

alt

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign