Өткөрүлүүчү жери: Бишкек ш. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы

Өткөрүлүүчү  күнү: 25-сентябрь  2019-жыл саат 10.00.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы  Академиясынын тилге даярдык кафедрасы жана илимий-изилдөө борбору. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2019-жылдын 24-январындагы №1 мк/4 коллегиясынын чечимин, 2019-жылдын 21-январындагы №40 буйругун жана 3-сентябрдагы №776-б буюрмасынын талаптарын  жана ИИМдин Академиясынын 2019-жылдын 23-январындагы №21 “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатында, ИИМдин Академиясынын 2019-2020-окуу жылына түзүлгөн комплекстүү иш-мерчемине ылайык, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын  30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясы 2019-жылдын 25-сентябрында “Кыргыз Республикасынын ИИОдо мамлекеттик тилди өнүктүрүү” деген темада илимий-практикалык конференция өткөрдү.

 Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаардык ИИОнун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын ИИМдин УКЭКБнын мамлекеттик тил бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын полковниги Орозакунов А., ИИМдин ички аскерлеринин жана транспорттук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридикалык академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жана атайын орто мектебинин профессордук-окутуучулук курамы, массалык-маалымат кызматкерлери катышышты.

Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Ички иштер органдарынын системасында Мамлекеттик  тилди өнүктүрүү маселелери жана аны окутуунун көйгөйлөрү, жагдайларын, ар түрдүү себептерин талкууланды, ИИОдо иш кагаздарын Мамлекеттик тилде жүргүзүү иштери  каралып, тилдин өнүгүшү боюнча алдыда аткарылуучу иш-мерчемдер сунушталды.

Конференциянын приоритеттүү максаттарынын бири – Ички иштер органдарында Мамлекеттик тилдин өнүгүшү,  иш кагаздарын Мамлекеттик тилде жүргүзүүнү колго алуу.

Конференциянын аягында катышуучулар тарабынан сунуштама иштелип чыкты.

 

alt

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign