Пресс-Релиз

2013-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясына Токмок шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинин окуучулары келип, Академия ичинде экскурсия жүргүзүлдү. Алгач алар конференц залында болушуп, ИИМнин Академиясынын кызматкери Академия тууралуу жана  Академияга тапшыруу ыкмаларын кенен айтып берип, окуучулар берген суроолорго жооп берип жатты. Андан соң балдар криминалистика полигонуна, китепканага,  тирге барышып, курал-жарактарды кандай колдонуу керек экендигин билишти. Тирден кийин футбол талаасында, спорт залында болушуп, спорттук ыкмаларды үйрөнүшүп, машыгып жатышты.

 Токмок шаарынын Кыргыз Түрк лицейинен келген окуучуларга бул күн унутулгус болду. Алар үчүн сүрөткө түшүү уюштурулду.

ТИ жана СК бөлүмүнүн пресс-катчысы

милициянын капитаны Э.Артышева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign