2019-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында өз өмүрүн аябастан кызматтык милдеттерин өтөп жатып курман болгон кесиптештерин жана курсанттарын эскерүү митинг-реквиеми өткөрүлдү. “Даңк” мемориалына гүл-чамбарларын койгон соң үч жолку жапырт атуу аткарылды.

Андан кийин ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги курман болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен “Биз эр азаматтарыбыздын эрдиктерин эч качан унутпайбыз. Аларды жараткан ата-энелерине ар дайым таазим кылабыз”-деди. Ошондой эле кызмат учурунда курман болгон кесиптештерибиз жана курсанттарыбыз өсүп келе жаткан муунга өзгөчө үлгү болуп тураарын айтып, бардык курсанттарды алардын жасаган эрдигинен сабак алып Мекенге берилүү жана ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды.

Өз учурунда курман болгон кызматкерлердин ата-энелери, жакындары ИИМдин Академиясында өз баатырларын дайыма эскерип келе жаткандарына ыраазычылык билдиришти.

Митинг-реквиемдин соңунда Академиянын ашканасында достаркон даярдалып, куран окутулду.

 

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

alt

 

 

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign