Жалпы жамаатты ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары млициянын полковниги Жаныбек Аалиев куттуктап, “23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнү болуп таанылып, өзгөчө белгиленип, жылдан-жылга майрамга, салтка айланып баратат. Кыргыз тилинин тарыхы-бул биздин элибиздин тарыхы. Андыктан тил маселеси, мамлекетибиздин орчундуу негизги багыттарынан болуп кала берээринде шек жок. Эне тилди барктап, баалап, кадырын арттырып, анын өзөгүнө  уютулган улуттук нарк-насилди кемитипей урпактарга улантуу – ар жарандын атуулдук аруу милдети.Улуу сөздөн уланып, Манастын тили катары ардакталган эне тилибиздин келечеги кең болсун! Майрамыңыздар кут болсун!”- деген каалоо тилектерин айтты.

26-сентябрда Тилге даярдык кафедрасы тарабынан “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Ага Академиянын башчысынын орун басары юридика илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги Арзыгуль Джоробекова, КРнын ИИМдин башкы башкармалык, бөлүм, түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы катышышты.

 

alt

 

Илимий иш-чараны ачып жатып башчынын орун басары А.Джоробекова Ички иштер министрлигинде мамлекеттик тилде иш жүргүзүү активдүү болуп келе жатканын баса белгилеп, буга ИИМдин Академиясынын Тилге даярдык кафедрасынын салымы чоң экенин айтты. Ал илимий иштерди жактоодо дагы мамлекеттик тилдин басымы жогорулап, акыркы кезде илимий иштердин көбү кыргыз тилинде жакталып жатканын да кошумчалады.

Конференциянын катышуучулары, чогулуштун башкы максаттарынын бири болгон ИИОдо мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери, иш кагаздарын жүргүзүү жана аны окутуунун көйгөйлөрүн талкуулашып, эне тибизди өнүктүрүү боюнча алдыда аткарылуучу сунуштамаларды иштеп чыгышты.

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign