Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген, ар кандай тарбия көргөн, жаш жеткинчек улан-кыздарды, эми, Академия өзүнүн карамагына алып, “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарууга”, демек, биримдикке, чыдамкайлыкка, туруктуулукка,  ак ниет чынчылдыкка, мекенди сүйүүгө, улуттук көрөңгөлөрдү колдонуп, жогорку билим алууга, кесипкөй адистикке, адилеттүүлүккө, адептүүлүккө, адамгерчиликке, ийкемдүүлүккө, акыйкат, калыс болууга,  жыйынтыктап айтканда, жашоонун канондоруна үйрөтмөкчү.

Айкөл Манастын: “Кулаалы таптап куш кылган, Куранды жыйып журт кылган, Телиген багып, куш кылган, Тентиген элди журт кылган”, ошол согушчан доордогу, жашоо үчүн күрөш жүргөн катуу эрөөл-мезгилдеги чоң философиялык улуттук идеологиясы дагы тарбияга барып такалат эмеспи. Бардык нерсенин башаты – тарбиядан. Демек, бардык жагынан туура тарбия алган, туура машыккан армия да жогорку сапатка ээ жана бул – согуш талаасында  тирүү калуунун гарантиясы.

“Манас” эпосунда тааалим-тарбия берүү маселеси жашоонун бардык мезгилинде актуалдуу орунду ээлеген. Мисалы, Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосунда акылман Кененим неберелери Асылбача менен Бекбачаны согуш иштерине үйрөтүп, аскердик өнөрдүн жетимиш эки жөө машын, отуз эки ат машын көрсөтүп берип, тогуз ай бою машыктырат жана башка дагы 104 эр адистигинин ыкмаларын ачып берет.

 Эпосто тарбия берүүгө  жык сугарылган мындай саптар  көп учурайт. Демек, ар бир нерсенин өзүнүн тарбиячысы жана тарбиялануучусу бар. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул илгертен келе жаткан жашоо мыйзамы. Байыркы мезгилде эле мыкты саяпкер, адис мүнүшкөр, колунан көөрү төгүлгөн ууздар жана усталар, тилинен чаң чыккан сөз баккан чечендер, 60 тил билген элчилер, жердин уусун билген ченчилер, эл баккан баатырлар, “жүлүнгө жетер сөз айтып, жүрөгүн өрттөп бек айтып” таалимин бергендер – конуш мектеби, турмуш сабактары тарбия, үйрөтүү жана үйрөнүү урпактан урпакка, тукумдан тукумга уланып отурган. Бул улуттун өзүн-өзү аңдап түшүнүүсүнүн күчтүү өнүккөндүгү. Мына ушинтип, улуттун улуттугу жана мамлекеттүүлүгү кылым кечип,  сакталып келген.

Кыргыз элинин  жашоосунун энциклопедиясы, дүйнөлүк маданий казынанын керемет кенчи болуп эсептелген “Манас” эпосунда Жакып хан, уулу Манасты кичинекей кезинде бекер жеринен, “сөз үйрөнүп жатыксын, сөөгү бышып катыксын” деп, акылман, жашоого бышкан, тажрыйбалуу, көптү көргөн, чечен Ошпурга тарбияга бербесе керек.

   Алтайдагы кыргыздардын руханий лидери Акбалта, Жакыптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн алп мүнөздүү, пил мүчөлүү, “көрүнгөндү жуткудай, ажыдаар болсо туткудай” бөлөкчө түрү бар, мындай баланы алды жакта күтүп турган калайык-калктын боштондугунун улуу мүдөөсүнүн урматы үчүн “билбегенин билгизип, туйбаганын туйгузуп” астыртан асырап-сактап тарбиялоо жөнүндөгү чечимге бекийт. Манастын шер бала экендигине, эселек эсен болсо, элине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болооруна ишенип, жаш туйгундун аман-эсен, эрезеге жетиши үчүн  мээнетин аябайт.

Азыркы заманбап мезгилде деле, өткөн ата-бабалардан мурас болуп калган асыл баалуулуктар өз ордун жогото элек. Эпосто: “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда болуп жер жаңы”  деп айтылгандай, эл-жер жаңырат, бирок, Мекен чегин, эл четин “көздүн карегиндей сактоо”, “эр жигит эл четинде, жоо бетинде”, “ат жалына казан асып, бел чечпей”, “кирпик какпай” эл-жерин коргогон кырк чоро, “себилдүүсү сексен төрт” ж.б. баатыр, эр азаматтардын, азыркынын тили менен айтканда, ошол согушчан катаал доордун “милицияларынын” патриоттук руху, мекенге сүйүүсү, жүрөктүүлүгү, тайманбас каармандыгы дагы, азыркы учурда,  Манас бабабыздын урпактарында кыттай куюлуп сакталуу боюнча турат.

Келечекте Кыргыз мамлекеттүүлүгүн, коомдун жана жарандардын коопсуздугун коргойм деп, өтө жооптуу жана кооптуу милдет аткарган милиция кесип-адистигине жаңыдан кадам таштаган өспүрүмдөрдү, Билим бешиги – альмаматер болгон ИИМдин Академиясында тажрыйбасы мол, сары алтындай уюган акылга дыйкан агай-эжейлер, билимдүү, кесипкөй-адис насаатчылар: илимдин докторлору, кандидаттары, профессор, доцент, ага окутуучу жана окутуучулар, курстун тарбиячылары, кызматкерлер, техникалык персоналдар, тактап айтканда, Академиянын өздүк курамы – “аганы көрүп, ини өсөт, эжени көрүп, сиңди өсөт” же “уядан эмнени көрсөң, ошону аласың”  дегендей,  болочок милициянын билиминин пайдубалы бекем болушуна, мыкты адистерди даярдоого, эр жүрөк улан-кыздарды тарбиялоого, жаштарга бардык жагынан жардам берүүгө, алардын мекен алдында берген антын, атуулдук милдетин так аткарууга, дипломдуу адистик билим жолунун узак жана байсалдуу болушуна  өздөрүнүн салымын аябай, адал мээнет, ак кызматын кошууга   белсенип даяр турушат. 

Ал эми биздин окуу жайды аяктаган, республикага таанымал, эмгеги элге сиңген, өзүнүн өмүрүнөн  элдин коопсуздугун, мамлекеттин тынчтыгын жогору койгон нечендеген мекенчил, ак жүрөк уул-кыздарыбыз республиканын бардык аймагында кызматын өтөп жатышат жана алар кыргыз милициясынын сыймыгы!

Улуу кыргыз элинин: “Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн” деген туура айтылган макалы бар. Анын сыңарындай, Академиянын өздүк курамына жооптуу, ошол эле учурда сыймыктуу милдет жүктөлөт. Бул – Мекенди коргоо деген ардактуу  кесип ээлерин татыктуу тарбиялоо!

Кымбаттуу, 1-курстун курсанттары жана студенттери! Оор жана машакаттуу, түйшүктүү милдети бар кесип жолуңар шыдыр болуп, жашооңорду кыдыр колдосун! Улуу муундун жолун жолдогон, мыкты адис, чебер-кесипкөй, билимдүү, мекенчил эр азаматтардан болушуңарга тилектешпиз! Ак жол каалап, улуулук батабызды силерге арнайбыз!!!

Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын тилге даярдык кафедрасынын башчысы, ф.и.к., Кыргыз Республикасынын Тогуз коргоол оюну боюнча улуттук даражадагы калысы, Билим берүүнүн мыктысы, милициянын отличниги, милициянын полковниги Кадырова Чынаргүл Абдулажановна

 
© 2012-2013 copyright Academ | Academy MVDwebdesign